"Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү" Долбоору

Урматтуу Талапкерлер жана алардын Өнөктөштөрү!

Көп берилүүчү суроолорду талдоонун натыйжасында жасалган кошумча түшүндүрмөлөргө жана кеңештерге көнүл бурууну суранабыз. Алар административдик текшерүүдө кездешкен каталарды болтурбоого жана долбоор сунушун туура даярдоого көмөктөш болушу мүмкүн.

Негизги талапкердин/өнөктөштүн/долбоордун ылайыктуулугу

Конкурстун бардык катышуучуларына бирдей мамиле жасоо принцибин сактоону көздөп, Конкурстун Уюштуруучусу негизги талапкердин, өнөктөштүн, долбоор сунушунун жана жүргүзүлө турган иш-чаралардын ылайыктуулугу тууралуу өзүнүн ой-пикири менен алдын-ала бөлүшө албайт.

Мында, Колдонмону (Annex A) кунт коюп карап чыгууну эн эле чоң мааниге ээ болгон эреже катары кабыл алууну сунуштайбыз:

  • Долбоордун ылайыктуулугу тууралуу - 1.1 (Конкурстун максаттарына дал келиши) жана 2.1.2 Бөлүмдөрүн караңыз
  • Талапкердин/өнөктөштүн ылайыктуулугу тууралуу – 2.1.1 Бөлүмүн караңыз
  • Долбоордун узактыгы тууралуу –2.1.2 жана 2.4 Бөлүмдөрүн караңыз
  • Талапкердин/өнөктөштүн бирден ашуун долбоор сунуштарында катышуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу - 2.1.2 Бөлүмүн караныз

Долбоор сунушун тапшыруу жоболору

Долбоор сунушун тапшыруунун бир гана жолун тандаңыз: ЖЕ электрондук почта аркылуу, ЖЕ долбоордун кеңсесине почта аркылуу/жеке жеткирип берүү.

Эки учурда тең, долбоор сунушуна тиешелүү болгон иш-кагаздардын толук топтому тиркелиш керек: бир электрондук каттын ичинде ЖЕ бир конверттин ичинде.

Колдонмонун 2.2.1 Бөлүмүнө ылайык, долбоор сунушуна тиешелүү болгон иш-кагаздардын толук топтому төмөнкүлөрдөн турат:

  • Долбоор сунушунун формасы (Annex B)
  • Бюджет (Annex C)
  • Талапкердин/өнөктөштүн колу/мөөрү коюлган Декларациялар
  • Талапкер тарабынан берилген коштоочу иш-кагаздар (Устав жана Каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, долбоор жетекчисинин/координаторунун резюмеси)

Почта / жеке жеткирип беруу аркылуу тапшырууда сунуштун толтурулган формасынын (Annex B) жана бюджеттин (Annex C) электрондук нускасы камтылган CD дискти кошуп салууну эске алыңыздар.


Европа Биримдигинин «Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү” долбоору кичи гранттар программасынын башталышы жөнүндо жарыялайт.

Катышууга жарандык коомдун уюмдары мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери менен бирдикте жана/же жергиликтүү коомдук кеңештердеги демилгелүү топтор менен медиа уюмдар биргелешкен долбоорлорду түзүү үчүн чакырылат.

Гранттык өтүнмөнүн формасын, колдонмону жана башка маалыматтарды төмөндогу бекитилген документе жүктөп алсаңыз болот.

Өтүнмөнү акыркы берүү мөөнөтү 2018-жылдын 29-январынын саат 17:00-гө чейин кабыл алынат.

Байланышчу адам: кичи гранттык программасынын менеджери Бегайым Шаршеева — Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра., тел.: +996 (551) 175 218

Документы (руководство, форма заявки, формы отчетов)