"Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү" Долбоору

Долбоор 2018-жылдын сентярь айында ийгиликтүү аяктаган. Бул баракчага башка ѳзгѳртүүлѳр киргизилбейт.

«Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү” проекти Густав Штреземанн атындагы Институту (GSI), Бонн шаары, Германия жана Адам Укуктары боюнча Кеңешинин (АУК), Бишкек шары, Кыргызстан өнөктөштүгү аркылуу ишке ашырылып жатат. 

Долбоордун жалпы максаты - Кыргыз Республикасында укуктун Үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү, механизмдерин ачык-айкындуулугу жана отчеттуулугу жолу менен ишке киргизүү аркылуу Коомдук Кеңештердин (КК) туруктуу жана натыйжалуу ишин бекемдөө. 

Долбоор жарандык коомдун жана коомдук институттардын натыйжалуу социалдык өнөктөштүк демилгелерин колдоого, КК ролунун түшүнүгүн коомчулукка туура жеткирүүгө жана жарандардын КК менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган.

Долбоордун максаты жоопкерчилик маданиятын жүргүзүү жана КК жарандык коомдун уюмдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу. 

Ошентип, долбоордун негизинде КК "жарандардын элчилери" катарында ишеними  арттырылып, мүмкүнчүлүктөрү жогорулатылат.  

Долбоор 2016-жылдын сентябрь айында ишке ашырыла баштап жана 24 айга созулат. Долбоор төмөндөгүдөй компоненттерди камтыйт:

  1. Даярдык көрүү фазасы: мобилизация, координациялык өнөктөштүк жолугушуулар, Европа Биримдигинин укуктун Үстөмдүгүн бекемдөөчү 4 долбоорлору менен көмөктөшүү, бардык кызыкдар тараптар менен жолугушуулар, долбоордун ишке ашыруу планын даярдоо, өнөктөштөрдүн алгачкы координациялы жолугушуусу, алдын ала отчет. 
  2. Регионалдык изилдөөлөр (өлкө боюнча), борбордук жана региондук деӊгээлдерде КК функционалдык талдоо; кайтарым байланышын түзүү, жарандардын, КК мүчөлөрүнүн жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн сунуштарын топтоо максатында. 
  3. Укуктук компонент: юристтердин жумушчу топтору, КК жана башка жергиликтүү инициативалар жөнүндө мыйзамдарды иликтөө, ченемдик-укуктук документтерди (ЧУД) даярдоо, кызыкдар тараптар менен талкуулоо, ратификацияны өбөлгө жасоо.
  4. Билим жана консультация берүү компоненти, борбордук/региондук/жергиликтүү бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомдук уюмдарын, жарандарды жана ММК өкүлдөрүн (өлкө боюнча) бириктирип борбордук жана региондук деӊгээлдерде КК арасында диалоговый платформаларды уюштуруу. 
  5. PR компоненти: ММК өкүлдөрү үчүн (журналисттер) окутуулар, жарандык коомдук уюмдарын өкүлдөрү үчүн медиа тренингдер, (пресс-конференциялар, радио/ТВ берүү, онлайн-платформалар аркылуу, анын ичинде долбоордун www.gsi-projects.eu/public-councils вебсайты) аркылуу калкты маалымдоо. 
  6. Кичине-гранттар компоненти: КК жана жарандык коомдук уюмдар жана/же ММК уюмдары менен 10-го чейин биргелешкен өнөктөштүк долбоорлорду каржылоо, социалдык өнөктөштүктүн өз ара демилгелерин колдоо.
  7. КК 2 Форумун каржылоо (2016-ж. декабрында биринчи, долбоор ишинин аягында экинчи).