"Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү" Долбоору

 

Кичи гранттар программасы башталды

Бишкек/Бонн, 3-март 2018-ж.

Долбоордук сунуштардын конкурсуна жогорку кызыгуусун көрсөткөн жана жигердүү катышкандыгы үчүн бардык талапкерлерге жана алардын өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирүү менен, Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Кыргызстандын Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү» долбоору Кичи Гранттар Программасынын алкагында өткөрүлгөн Конкурстун жыйынтыгын кубануу менен жарыялайт.

Тапшырылган 58 долбоордук сунуштардын ичинен 9 долбоордук сунуш тандалып алынды, алар 2018-жылдын март айынан тартып июнь айына чейин жүзөгө ашырылат. Тандалган долбоорлордун жыйынтыктары алар аткарылып бүткөндөн кийин атайын конференцияда тааныштырылат.

  1. Долбоордун аталышы: КРнын Эмгек жана Социалдык Өнүгүү Министрлигинин Коомдук Кеңешинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуудагы ролун күчөтүү
    Максаттуу аймак: Бишкек, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустары
    Негизги аткаруучу уюм: "Глобалдык өзгөрүүлөр фонду» Коомдук Фонду
    Өнөктөшү: КРнын Эмгек жана Социалдык Өнүгүү Министрлигинин Коомдук Кеңеши
    Кыскача баяндоо: Долбоор КР ЭСӨМ потенциалын жана социалдык стационардык мекемелерде берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга тийгизген таасирин күчөтөт
  2. Долбоордун аталышы: КРнын Билим Берүү жана Илим Министрлигинин Коомдук Кеңешинин Массалык Маалымат Каражаттарды жана жарандык коомду тартуудагы жана натыйжалуу өз ара аракеттерди түзүүдөгү потенциалын күчөтүү
    Максаттуу аймак: Бишкек, Ош шаарлары
    Негизги аткаруучу уюм: Булан Дүйнөнү чыңдоо үчүн инновациялар Институту
    Өнөктөштөр: КРнын Билим Берүү жана Илим Министрлигинин Коомдук Кеңеши; ЭЛТР МТРК
    Кыскача баяндоо: Долбоор бардык кызыкдар тараптардын диалогун куруу жана Коомдук Кеңеш, ММКлар жана жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруу аркылуу мектепте билим берүүгө тиешелүү актуалдуу маселелерди чечүүгө көмөктөшөт.
  3. Долбоордун аталышы: КРнын Экономика Министрлигинин Коомдук Кеңешинин ишинин натыйжалуулугунун куралдарын аныктоо
    Максаттуу аймак: Бардык облустар
    Негизги аткаруучу уюм: «Билим берүүчү мекемелердин биримдиги» Ассоциациясы
    Өнөктөш: КРнын Экономика Министрлигинин Коомдук Кеңеши
    Кыскача баяндоо: Долбоор КР ЭМ сапаттуу чечимдерди кабыл алуусу үчүн катализатор катары жарандык демилгелерди илгерилетүү, жарандардын жана борбордук /жергиликтүү бийликтердин алдындагы жоопкерчилик маданиятын калыптандыруу аркылуу КР ЭМ КК ишин оптималдаштырууну камсыздайт.
  4. Долбоордун аталышы: Борбордук жана жергиликтүү деңгээлдердеги мамлекеттик органдардын Коомдук Кеңештеринин ишинин натыйжалуулугун камсыздоо.
    Максаттуу аймак: Талас облусу
    Негизги аткаруучу уюм: «Жергиликтүү өз алдынча башкарууну укуктук жана аналитикалык колдоо борбору» Коомдук Фонду
    Өнөктөш: КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Коомдук Кеңеши
    Кыскача баяндоо: Долбоор борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде Коомдук Кеңештердин ишине жарандардын катышуусун күчөтүү аркылуу ЖӨБ органдары тарабынан берилген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатат.
  5. Долбоордун аталышы: Ачык жарандык трибуна
    Максаттуу аймак: Бардык облустар
    Негизги аткаруучу уюм: «Социалдык саясат ачык институту” Коомдук Фонду
    Өнөктөшү: Кичи Коомдук Кеңештер Тармагы
    Кыскача баяндоо: Долбоор иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана институционалдык потенциалды өнүктүрүү аркылуу жергиликтүү чечимдерди кабыл алуу процессине кичи/шаардык/региондук коомдук кеңештердин тийгизген таасирин күчөтөт.
  6. Долбоордун аталышы: Кичи Коомдук Кеңештер аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияга каршы аракеттенүү
    Максаттуу аймак: Ысык-Көл облусу
    Негизги аткаруучу уюм: «Айылдык жашоо» Коомдук Бирикмеси
    Өнөктөш: Каракол шаардык Коомдук Кеңеши
    Кыскача баяндоо: Долбоор жергиликтүү бийликтин ишмердигинин айкындуулугун камсыздоодо жарандык коомдун ролун жогорулатууга багытталган социалдык өнөктөштүктү күчөтөт.
  7. Долбоордун аталышы: Экологиялык коопсуздукту илгерилетүү жана жаратылыш ресурстарынын сакталышы үчүн күрөштүн негизиндеги жаңжалдарды кыскартуу үчүн региондук мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун ортосундагы айкындуулукту жана диалогду камсыздоо.
    Максаттуу аймак: Жалал-Абад облусу
    Негизги аткаруучу уюм: «Бюджеттик процессти стратегиялоо борбору» Коомдук Бирикмеси
    Өнөктөштөр: «Айыл акыйкаты» райондук гезити, Ала-Бука колледжи
    Кыскача баяндоо: Долбоор курчап турган чөйрөнү булгоонун алдын алуу жана жаратылыш ресурстарынан улам пайда болуучу жаңжалдуу кырдаалдарды жумшартуу үчүн чечимдерди кабыл алуу процесстерине жарандык коомдун активдүү тартылуусун камсыздайт.
  8. Долбоордун аталышы: Нарын облусунда Кичи Коомдук Кеңештердин тармагын түзүү
    Максаттуу аймак: Нарын облусу
    Негизги аткаруучу уюм: «Нарын экономикалык өнүктүрүү борбору» Коомдук Бирикмеси
    Өнөктөш: Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кичи Коомдук Кеңеши
    Кыскача баяндоо: Долбоор ЖӨБО жана калктын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдери катары Кичи Коомдук Кеңештерди илгерилетүү аркылуу жергиликтүү коомчулуктардын деңгээлинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү күчөтөт.
  9. Долбоордун аталышы: Коомдук Кеңештер – бул жергиликтүү бийлик менен диалог куруу үчүн жарандык жана коомдук аянтча
    Максаттуу аймак: Баткен облусу
    Негизги аткаруучу уюм: «Инсан-Лейлек» Коомдук Фонду
    Өнөктөштөрү: Баткен облусунун Лейлек районунун Кичи Коомдук Кеңештери
    Кыскача баяндоо: Долбоор PR куралдарын жана натыйжалуу маалыматтык коштоонун онлайн технологияларын пилоттук колдонуу аркылуу Кичи Коомдук Кеңештин ийгиликтүү жана туруктуу моделин иштеп чыгат.

Кошумча маалымат алуу үчүн долбоордун кеңсесине кайрылыңыздар:
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 720033, Турусбеков көч. 6/2
Тел/факс: +996 312 45 56 57
Веб-сайты: www.gsi-projects.eu/public-councils
Эл. дареги: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.


Долбоор Европа Биримдиги
тарабынан каржыланат

Кыргыз Республикасындагы Европа
Биримдигинин делегациясы
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., 720040
Эркиндик бульвары, 21, «Орион» бизнес борбору, 5-кабат
Тел.: +996-312-261002 (ext.122);
Факс: +996-312-261007
Эл. дареги: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. 
http://eeas.europa.eu/delegations/kyrgyzstan 
www.facebook.com/eudelkg 
«Европа Биримдиги өзүнүн алдыңкы жетишкендиктерин, ресурстарын жана өз элинин тагдырын кошкон 28 мүчөдөн турат. 60 жылдык биргелешкен аракеттери менен алар туруктуулукту, демократияны жана туруктуу өнүктүрүүнү түзүп, маданий ар түрдүүлүктү, жекече эркиндикти жана сабырдуулукту сакташат. Европа Биримдиги өзүнүн жетишкендиктерин жана баалуулуктарын анын чегинен сырткары өлкөлөргө жана элдерине жеткирүүгө умтулат».

Долбоор ишке ашырылат:

Адам Укуктары боюнча Кеңеш
(АУК), Бишкек, Кыргызстан

 

Густав Штреземанн ат. институт (GSI)
Бонн, Германия

 

Рекомендациялар 

Документы (руководство, форма заявки, формы отчетов)